«Парманын» оюнчусу Мандела Кейта алдыңкы клубдардын көңүлүн бурууда. Бул сезондо Серия Ада өзүн мыкты көрсөткөн жарым коргоочуга англиялык «Астон Вилла» жана «Тоттенхэм» клубдары кызыгып жатат.
23 жаштагы бельгиялык оюнчуга «Болонья» да көз салып, аны мурдараак кол коюуга аракет кылган. «Болонья» Кейтаны Ремо Фройлерге потенциалдуу алмаштыруучу катары карап жатат. Таланттуу оюнчу үчүн күрөшкө «Брайтон» да кошулган.
Бул сезондо Кейта бардык мелдештерде 32 оюнга катышып, Серия Ада бир голдук пас берген.
