Расмий кабарларга ылайык, “Монако” клубу башкы машыктыруучу Вассилис Спанулистин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды. Клуб бир нече күндөн бери тарап жаткан кептерди ырастап, команданын каржылык жана адамдык кризисине байланыштуу грек легендасын кармап калууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.
43 жаштагы Вассилис Спанулис 2024-жылдын ноябрында “Монакого” келип, кыска убакыттын ичинде команданы чоң ийгиликтерге жеткирген. Анын жетекчилиги астында клуб Евролиганын финалына чыгып, 2025-жылы Франциянын чемпиону аталган. Спанулис Грециянын улуттук курама командасынын машыктыруучусу кызматында кала берет.
Учурда “AS Monaco” клубу бул сезонду аяктайбы же жокпу деген олуттуу суроо турат.
Клубдун башкы директору Алексей Ефимов Вассилис Спанулиске ыраазычылык билдирип, анын лидерлик сапаттарын жана командага кошкон баа жеткис салымын жогору баалады. Ефимовдун айтымында, Спанулис “Монакону” Евролиганын тарыхындагы биринчи финалына, ошондой эле Франциянын Суперкубогуна жана сегиз жыл ичинде биринчи жолу Лидерлер Кубогуна алып келген. Ал Спанулистен көп нерсени үйрөнгөнүн жана кээде кыйын жагдайлар оор чечимдерди кабыл алууга мажбурлаганын кошумчалады. Ефимов Спанулиске клубдун бардык кызматкерлеринин жана “Рока командасынын” күйөрмандарынын сый-урматы менен кеткенин баса белгиледи.
