Башкы бет Tags адам

Tag: адам

video
Ысык-Көлдө жүк ташуучу MAN менен Volkswagen Golf 2 үлгүсүндөгү унаа бетме-бет кагышып, эки адам мерт кетти. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматтарга ылайык, аталган кырсык 28-августка караган түнү саат 00.35те Чырпыкты менен Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда болгон. Анын кесепетинен жеңил автонун айдоочусу менен жүргүнчүсү каза болгон. Ал...
Бишкектеги Ленин РИИБинин кызматкерлери эки адамды өлтүргөн шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 5-августта Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги көчөлөрдүн биринде жайгашкан үйдүн алдында белгисиз эркек киши эсин жоготуп жатканын, кийиминде кандын тактары бар экендиги тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу келип, үйдүн алдында...
Быйыл январь-июнда кичи насыя берүүчү уюмдар тарабынан 13 миллион 741 миң сом суммасында насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдирди. Маалыматка ылайык, насыя алуучулардын саны 295 миң адамды түздү. Кичи насыя алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 33,8 пайызга, ал эми берилген кичи насыянын көлөмү 31,5 пайызга...
video
Бишкекте кичивтобус менен эки жеңил унаа кагышып кетти. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар бар. Бул тууралуу интернет колдонуучу билдирип, видеосун жүктөдү. Маалыматтарга караганда, жол кырсыгы 7-апрель көчөсүндө болгон. Күбөлөр транспорттордун бири эл ташыган маршрутка экенин айтышууда, бирок азырынча так маалымат жок. Тасмада көрүнүп тургандай, "Москвич" унаасы талкаланып, дагы бир жеңил унаа жабыркаган. “Микроавтобустун айдоочусу...
Суусамырдагы үрөй учурган кырсыктан каза тапкан үй-бүлөнүн 100 миң сом акчасы жоголду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине үй ээси 37 жаштагы Илияз Абдыгапаровдун тууганы Кайрулла Анарбаев билдирген. Эскерте кетсек, 18-август күнү Бишкек — Ош трассасынын 174-чакырымында Man үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана Mazda CX-7 менен Honda Torneo үлгүсүндөгү жеңил автокөлүктөр кагышкан. Кырсыктан...
Кыргызстандын 60 миң жараны чет мамлекеттерде жана өлкө ичинде адам сатуунун курмандыгына кабылуу коркунучунда. Кантип коргонуу керек? Адам сатуунун курмандыгы болгон адамдардын жүзүн көрсөтө албайбыз. Ошондуктан алар башынан кечирген окуяларды буюмдар аркылуу көрсөтүүнү туура көрдүк. https://www.youtube.com/watch?v=fkL1dyknAx8&t=1s&fbclid=IwAR2cJJMPlf3MADhgo7p7iK-eJTFqGXDug-L_LsurVrtlN8D8kzB_hkLXQ4c https://www.youtube.com/watch?v=ZNbDnylsL-s&t=48s&fbclid=IwAR00-8AOSmy53MkcsZWWAB3wg4AvUBGh6iohF6uD5qCVtD3Yp9PJQot53SM Адам сатуунун курмандыгы болуп калышыңыз ыктымал: Эгерде сизге жумуш сунушталса, бирок: Сиз кайсыл жерде, жана кандай жумуш аткарышыңызды...
Индияда катуу жааган жамгырдан акыркы эки күндө 58 жаран көз жумду. Нью-Делиге жакын райондордон 10 миңден ашык киши эвакуацияланган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Чыккан маалыматтарга караганда, Уттаракханд штатында 32 киши каза болуп, 8 киши дайынсыз жоголгон. Ал эми Химачал-Прадеш штатында 26 киши суу ташкынынан көз жумган....
Орусияда жол кырсыгына кабылган төрт кыргызстандыктардын видеосу интернетке чыкты. Белгилей кетсек, 17-августта Мытищи шаарында кыргызстандык жаран айдап бара жаткан унаа жүк ташуучу унааны барып сүзгөн. Натыйжада айдоочу жана машинанын ичиндеги үч кыргыз жараны ооруканага жеткирилген. Айдоочунун абалы жакшы, ал эми үчөөнүн абалы өтө оор экени айтылууда.  Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Орусияда жол кырсыгына кабылган төрт кыргызстандыктын үчөөнүн абалы өтө оор. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Маалыматтарга караганда, окуя 17-августта Мытищи шаарында болгон. Кыргызстандык жаран катуу ылдамдыкта айдап бараткан автомашина жолдун боюндагы жүк ташуучу унааны сүзгөн. Айдоочу жана машинанын ичиндеги үч кыргыз жараны ооруканага жеткирилген. Айдоочунун абалы жакшы болгондуктан ал...
Ооганстан эгемендигинин 100 жылдыгын белгилеп жаткан учурда бир нече жерде жардыруу болду. Анда көптөгөн тургундар ар кандай жаракат алышкан. Маалыматтарга караганда, 19-августта өлкө чыгышындагы Жалалабад шаарында ондой жардыруу болду. Андан бери дегенде 52 киши түрдүү жарадар болгонун Нангархар провинциясынын жетекчилиги маалымат булактарына кабарлаган. Айрым маалыматтар боюнча жардырууда каза болгондордун саны...
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Увам каналына агып кеткен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди. "6-августта саат 17:19да Увам каналында эркек кишинин агып бараткандыгы тууралуу маалымат аймактык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылган. Алар саат 18:20да маркумдун жансыз денесин суудан...
Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка караганда, кечээ Ак-Буура дарыясына 1 эркек адам чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. "Жерине кечээ саат 17:18де ӨКМнын куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылды. Саат 18:20да маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, укук коргоо органынын кызматкерлерине өткөрүп...
Орусиянын Рязань облусунун Пичкиряево айылындагы жол кырсыгында Тажикстандын алты жараны набыт болду. Булардан сырткары дагы сегиз адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу айрым маалымат булактары жазып чыкты. Берилген маалыматтарга караганда, кырсык 6-август күнү таңкы саат 5:30да болгон. Анда «Мерседес-бенц» кичиавтобусу менен «Тойота Ленд Крузер Прадо» автоунаасы кагылышкан. Рязань...
Сибирдеги курал сакталган кампадагы жарылуу токтоду. Красноярск крайынын губернатору 6-августта билдиргендей, Ачин районундагы курал кампасындагы жарылуудан бир киши дайынсыз болуп, алты киши ооруканада жатат. Аталган аймактагы курал кампада жарылуу 5-августта башталган. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, өрттөн алты киши жабыркап, анын алтоо ооруканага жаткырылган. Ал эми кампага жакын жайгашкан айылдардын эли жана...
Кечээ Казакстандын Алматы облусунда тоодогу өрттү өчүрүү маалында эки жергиликтүү тургун жана бир токойчу каза тапты. Окуядан дагы жети киши жабыркаган. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматарга таянсак, алар Панфилов районунун Талдын айыл округундагы өрттү өчүрүүгө жардам берип жүрүшкөн. Тоодогу өрт кургак чөптөн улам башталган. Учурда аны өчүрүүгө атайын...

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР