Башкы бет Tags кыргызстан

Tag: кыргызстан

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Камил Рашидов өкмөттүн 27-августтагы буйругу менен премьер-министр Абдулла Ариповдун кеңешчиси болуп дайындалды. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Рашидов чет элде иштеп жүргөн өзбекстандык мигранттардын укуктарын коргоо жана колдоп-кубаттоо маселелери боюнча департаментти да башкарат. Рашидов Кыргызстанга 2013-жылы элчи болуп келген, ага чейин тышкы иштер министринин орун басары болгон.  
Быйыл январь-июнда кичи насыя берүүчү уюмдар тарабынан 13 миллион 741 миң сом суммасында насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдирди. Маалыматка ылайык, насыя алуучулардын саны 295 миң адамды түздү. Кичи насыя алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 33,8 пайызга, ал эми берилген кичи насыянын көлөмү 31,5 пайызга...
21-август күнү  Казакстандын Нур-Султан шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков "Kazakh invest" АК Башкармалыгынын Төрагасы Бауржан Сартбаев менен жолукту. Жолугушууда эки тарап Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери кеңири талкууланды. Министр Айдарбеков саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын өнүгүүсүнүн оң динамикасын белгилеп, Кыргызстандын аймагында инвестицияны кеңейтүүгө чакырды. Ал эми Сартбаев...
Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн Сауд Араб Падышачылыгынын Мекке шаарында «Ажылыктын улуу симпозиуму» аттуу илимий конференцияга катышты. Бул тууралуу муфтияттын басма-сөз кызматы билдирди. Максатбек Ажы Токтомушев конференцияда «Исламдагы толеранттуулуктун жол жоболору» темасында доклад окуду. Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана умра министрлиги муфтий Максатбек Ажы Токтомушевди Кыргызстандагы ажылыкты уюштуруу жана Ислам дининин...
Кыргызстан Корей мамлекети менен заманбап смарт-технологияларды колдонуу менен тазалоо курулмалары тутумун, ирригация тутумдарын өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташат. Мындай талкуу Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «К-water» корей компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды. Эки тарап “Ысык-Көл” Эл аралык экономикалык форумунун алкагында жолугушкан. Ошондой эле, аталган компания өлкөлөр ортосунда маалыматтык технологиялар жаатында адистерди окутуу жана заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү мүмкүндүгү...
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Евразия Экономикалык Биримдигинин өкмөт аралык кеңешине катышат. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн сайтында маалымдалат. Берилген маалыматтарга караганда, аталган жолугушуу 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп, анын алкагында актуалдуу маселелер талкууга алынат. Андан тышкары, санарип экономика жана өндүрүш тууралуу темалар күн тартибине коюлат.
18-июлда Жапониянын Киото шаарындагы анимациялык студияда чыккан өрттөн бир нече киши мерт болду. Отуздан ашууну жараат алды. Алардын ичинен он кишинин абалы оор экени кабарланууда. Полиция имаратка кимдир бирөө өрт коюшу ыктымал деп иликтөө баштаганын бийлик жана жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти. NHK телеканалы студиянын тегерегине бензин чачып жүргөн киши кармалганын маалымдады....
  Кыргызстан жана Түштүк Корея кызматташтыгынын жаңы барагы ачылып жатат. Бул тууралуу эки өлкөнүн премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Ли Нак Ён “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында тар чөйрөдө жолуккан учурда белгилешти. Абылгазиев Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия мейкиндигинде өзүнүн жакын өнөктөштөрүнүн бири катары эсептей турганын, премьер-министрдин сапары кызматташтыкты жаңы баскычка көтөрүп жатканын айтты. “Түштүк Корея...

Бүгүн Бишкекте «Кыргызстан-Түштүк Корея» бизнес-форуму өтүп жатат. Иш-чара Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында уюштурулду. Бизнес-форумдун негизги максаты бизнес жаатында Кыргызстан-Түштүк Корея эки тараптуу алакасын түзүү болуп саналат. Кошумчалай кетсек, 2018-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 20 млн долларды түзгөн. Учурда мамлекеттер инвестициялык алакаларды кеңейтүү жана товарлардын экспорт жана...
Кыргызстанда Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жардамы менен 17-31-август аралыгында «Silk Road» аталышындагы экинчи тоо жарышы өтөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма-сөз кызматы билдирди. Мекеменин билдирүүсүндө айтылгандай, «Silk Road» жарышына 27 өлкөдөн келген 149 велосипедчи катышат. Катышуучулар Бишкектен Чолпон-Атага чейинки жол узундугу 1 миң 705 чакырым аралыгында жарышат....
Кечээ Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ЖМК эркиндиги маселелери боюнча Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлү Арлен Дезирди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма-сөз кызматы билдирди. Тараптардын жолугушуусунда сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташуусунун маселелери талкууланды. Аны менен катар, тараптар «фактчекинг» институтунун ролун жана ЖМК...
Германия Кыргызстанга турак-жай программасын колдоо максатында 10,5 миллион евро бөлүп берет. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлады. Маалыматка караганда,  бөлүнгөн каражат Мамлекеттик ипотека компаниясына которулуп, «Жеткиликтүү турак жай» программасын колдоого жумшалат. Кыргыз өкмөтү «Жеткиликтүү турак жай» программасын ишке ашырыш үчүн Мамлекеттик ипотека компаниясын түзгөн. Бул компания бюджеттик мекемелерде иштегендерге арзан турак жай...
Жөө күлүктөр Дарья Маслова жана Нурсултан Кеңешбеков Олимпиада оюндарынын чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган мелдештин жеңүүчүлөрү болду. Турнир ушу тапта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат жана 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына лицензиялар ойнотулууда. Бул мелдеште Дарья Маслова кыз-келиндер арасында 5000 метр аралыкка жарышка чыгып, 16 мүнөт 12...
Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин Кыргызстандагы расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирди. Кол коюлган документтер: – «Элет Агрохолдинг» жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) жана «Continental Agro Trade» жоопкерчилиги чектелген шериктештиги (ЖЧШ) ортосундагы айыл чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум; –...

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР