Tag: кыргыз
Кыргызстандык спортчу Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык бокс боюнча эл аралык турнирде венесуэлалык атаандашын утуп, WBA Asia чемпиондук курун сактап калды. Бул туурасында мелдешти уюштурган RCC Boxing Promotions уюмунун ВКонтакте баракчасында жарыяланган.
Боксчунун беттештеги видеосу интернетке дагы тарады.
Мелдеш кечээ, 24-августта, Челябинск шаарында өткөн. Анда кыргызстандык боксчу венесуэлалык Мильнер Маркано менен беттешкен.
"Сулайманбек...
Орусиянын Санкт-Птербург шаарында 23 жаштагы кыргыз жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу айрым маалымат булактар жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, полицияга "Тез жардам" өкүлдөрүнөн 16-августта билдирүү келип түшкөн. Дарыгерлер маркумдун башынан жаракат алып жана ууланып келип түшкөнүн кабарлашкан.
"Кыргыз жараны 19-августта каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал башындагы жаракаттарынан улам жана психотроптук...
Кечээ Бишкекке орусиялык ырчы жана алып баруучу Ольга Бузова келген. Ал борбордогу лаунж бардын ачылышына карата уюштурулган концертке атайын конок катары чакырылган. Концерттен кийин уюштуруучулар ырчыга саймалуу чепкен, ак калпак жана камчы тартуулаган. Уюштуруучулардын бул кадамы көпчүлүктүн талкуусуна алынды.
Интернетке тараган тасмада Бузова конок бөлмөсүнөн тартуулаган белектерди кийип көрүп, камчыны...
Анда көрүнүп тургандай, үйдүн короосунда белгисиз үч бала бир кишини ур-тепкиге ала баштайт. Видеонун автору окуяны терезеден тартып жатып, Рус деген бирөөнү кийлигишпе деп суранат. Бир маалда короого үстүндө көйнөгү жок жигит чуркап чыгып, шылуундарды ар кайсы жакка качыра кол салат.
Социалдык тармактардын колдонуучулары окуя Бишкек шаарында болгонун айтып, анын...
Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Белоруссиядагы эл аралык турнирде алтын медаль утту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белоруссиянын ачык кубогу бүгүн, 18-июлда Брест шаарында башталды. Бүгүн кыргызстандык 4 спортчу жарышка түштү.
Дарья Маслова 500 миң метрди 16 мүнөт 12,02 секундда чуркап өттү. Турнирге...
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түштүк Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ен мырза менен жолугушту.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келекчеги талкууланды.
“Бул иш сапар биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык алака түзүлгөндөн бери, акыркы 28 жылдагы Корея Республикасынын мамлекеттик жогорку деңгээлдеги алгачкы...
“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун төрагасы Эмил Акматов кызматынан алынды. Анткени ал бул милдетти убактылуу аркалап турган. Мындай чечимди “Кыргызтелеком” ААКнын директорлор кеңеши кабыл алды. Бул маалымат Кыргызтелекомдун расмий сайтына жарыяланды.
Эске салсак, Эмил Акматовго үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде “Кыргызтелеком” ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы кызматын убактылуу аркалоо милдети жүктөлгөн.
Кыргызстандык үч каскадер Walt Disney Studios компаниясынын “Мулан” тасмасына тартылып жатышат. Бул тууралуу Nomad Stunts тобунун негиздөөчүсү Жайдарбек Кунгужимов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Аталган фильмдин сюжети эр жүрөк кытай кызы тууралуу. Ал согушка катышуу үчүн, атасынын ордуна эркекче кийинип чыгат.
Башкы ролго кытайлык актриса Лю Ифэй тартылган.
Кошумчалай кетсек, тасма 2020-жылдын...
Орусиянын Красноярск шаарында 18 жаштагы кыргызстандык жигит сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Орусиялык басылмалар жазды.
Маалыматтарга караганда, окуя Красноярскка жумуш боюнча барган кыргызстандык жигиттер эс алып жатканда болгон.
"Эс алуучулардын бири — 18 жаштагы жигит дарыядан сүзүп өтүүгө аракет жасап, бирок аны суу агызып кеткен. Достору ага жардам бере албай,...
Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий сапар менен келди.
Аны “Манас” аба майданынан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Ушул тапта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында эки өлкө өкмөт башчыларынын чакан чөйрөдөгү жолугушуусу башталды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуу кенен форматта уланып, VIII кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин жыйыны өтөт.
Тараптар жыйын учурунда соода-экономикалык...
Екатеринбургда №012 жана №019 каттамдагы маршруттук унаалардын айдоочулары айлык маянаны көтөрүү талабын коюп ишке чыгышкан жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Алардын маалыматына караганда, иш таштагандардын баары Кыргызстандыктар болгон. Ал эми алар иштеген компаниянын өкүлдөрү жайкысын жүргүнчүлөрдүн саны азайганына байланыштуу айлык маяна төмөндөгөнүн билдиришкен.
Маалымат булактары билдиргендей, Өзбекстан жана Тажикистандан...
Кытайдын абактарында жаза өтөп жаткан эки кыргыз жараны мекенине келди. Бул тууралуу ТИМдин басма-сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соттолгон жарандарды өткөрүп берүү келишиминин негизинде ишке ашты.
14-майда Үрүмчү шаарында Кытайда узак мөөнөткө кесилип, абакта отурган эки жаранды КР консулунун катышуусунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүп...