Tag: УКМК
УКМК коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат топтолгон Бирдиктүү эсепке 31 миллион сом которду. Бул тууралуу аталган комитеттен басма-сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган орган бирдиктүү эсеп ачылгандан бери 272 миллион 815 миң которгон.
Президент демилгеси менен былтыр коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат топтолчу атайын эсеп ачылган. Финансы министрлигинин 26-августка карата маалыматы...
Өмүрбек Бабановду УКМКнын басма сөз кызматы суракка кылмыш ишин изилдөөнүн алкагында күбө катары келгенин билдирген.
Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 9-августта Бишкекке кайтып келген. Ага эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга...
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгон Жарлыкка ылайык, аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник, маркум Үсөнбек Ниязбеков "Эрдик" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Эске салсак, Үсөнбек Ниязбеков 7-август күнү Кош-Ташта болгон окуяда ок тийип каза болгон.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди кайтара турган жаңы кызмат түзүлдү. Аталышы - Президенттин коопсуздугу боюнча мамлекеттик кызмат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, мурда бул милдетти Улуттук коопсуздук комитети аткарчу.
"Жаңы ведомство бир гана өлкө башчыны кайтарбастан, анын үй-бүлө мүчөлөрүн жана Өзбекстанга расмий иш сапары менен келген башка өлкөлөрдүн...
Адил Турдукулов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.
Анын пикирине караганда, Сегизбаев 2016-жылы "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы каралаган "Белизгейт" чатагы боюнча жалган документтерди жарыялаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек.
"Сегизбаев өзү «Белизден...
" 1 жыл 9 ай сыртта жүргөнүмдө ар кандай ушактар айтылды. Келбесем "коркок" дейт, келсем бирөө кепилдик бериптир, сүйлөшүп келиптир дейт". Бул тууралуу бүгүн "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка кирип жатып журналисттерге билдирди.
Ал элдин биримдигин сактап калуу максатта учуп келгендигин баса белгиледи.
" Мен келдим, жооп берем. Он-Адыр боюнча иш...
Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаикова 5-августка чейин УКМКга сурак берүүгө келбесе ага издөө жарыяланат. Бул маалыматты бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы жаңы муун паспортторун даярдоо боюнча кызматты сатып алуудагы коррупция факты боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып...
Ар кандай маалымат булактарында Курманбек Бакиевди жана анын жакын туугандарын колдогон мааламаттар жана телевизиондук матералдар тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы билдирүү жасады. Бул тууралуу УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка мылайык, Бакиевди колдогон мааламаттардын авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт.
Буга байланыштуу, УКМК мааламаттардын жана телевизиондук материалдардын авторлоруна...
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка караганда, ал Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери тарабынан жасалган финансылык мыйзам бузууларды жаап жашырган.
Такталгандай, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн 2019-жылдын 25-июнундагы...
УКМК интернеттеги социалдык тармактарда аймак жана улут аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү иликтеп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кылмыш кодексинин 313-беренесине ылайык, расалык, улут аралык, диний, аймактык кастыкты козутуу үчүн беш жылдан жети жарым жылга чейин эркинен ажыратуу каралганы эске салынган.
Кыргызстанда азыркы саясий абалга байланыштуу...
Бүгүн саат 10:30да мурунку элчи Кылычбек Султан экинчи жолу УКМКга сурак бергенге кирип кетти.
"Кайсы себеп менен суракка чакырылып жатканымды азыр ачыктай албайм." -деп билдирген.
Кылычбек Султанды колдоп, УКМКнын алдына "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталынын эмгек жамааты да чогулган.
Кошумчалай кетсек, кечэ дагы Кылычбек Султан УКМКга суракка чакырылып, 5 сааттан кийин чыккан.
«УКМКнын кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы штабына бука алып келди» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетитинин маалымат кызматы билдирди.
Бул кабарды УКМК куру кыял деп баалап, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн текшерилбеген маалыматтардан алыс болууга чакырды.
Белгилей кетсек, бүгүн 3-июнда Атамбаевдин Кой-Ташта жайгашкан штабда кан чыгарылып, бука союлган. КСДПнын...
Мурдагы элчи Кылычбек Султан УКМКга суракка чакыртылды. Чакыруу кагазын бүгүн эртең менен Кылычбек Султандын үйүнө оперкызматкерлери барып тапшырып кеткенин super.kg жазды.
Кылчыбек Султан кечээ Кой-Ташка барып Алмазбек Атамбаевге жолуккан.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган күзөт кызматкерлеринин алынгандыгы тууралуу таркатылган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
"Азыркы учурда экс-президентти кайтарган күзөт кызматкерлеринин саны мурдагыдай эле", - деп айтылат маалыматта.
УКМКдан белгилешкендей, комитет Атамбаевдин коопсуздугу үчүн зарыл болгон учурда күзөт кызматкерлерин дагы кошумча...
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, айрым социалдык тармактардагы Бишкек шаарына УКМКнын Ош шаардык башкармалыгынан куралчан атайын кызматкерлери келди деген маалыматтар чындыкка дал келбейт деп расмий түрдө билдирет.
УКМКнын басма сөз кызматы бүгүнкү күндө УКМК тарабынан атайын күчтөрү катышкан кандайдыр бир ыкчам операциялар жүргүзүлгөн жок деди.
"УКМК мындай маалыматты "фейк" жана өлкөдөгү коомдук-саясий...