Tag: шайлоо
Президенттикке талапкер Улукбек Кочкоров социалдык тармактар аркылуу тараган аудиожаздыруу боюнча билдирүү жасады.
Белгилей кетсек, ал жаздырууда Улукбек Кочкоровдун үнүнө окшогон адам Адахан Мадумаровду колдой турганын айткан.
"Кайсы бир саясатчынын кызыкчылыгында менин кандидатурамды алып, ошол саясатчыны колдооорум жөнүндө айтылган. Менин үнүм менен тааныш болгон жакын адамдар албетте буга ишенген жок. Бирок менин...
Улуу Британиянын Консервативдик партиясын жетектеген Борис Жонсон 92 153 добуш менен Британиянын премьер-министри кызматына шайланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Борис Жонсон буга чейин Лондондун мэри жана Тышкы иштер министри кызматтарын аркалаган.
Улуу Британиянын мыйзамына ылайык, мурдагы премьер-министр Тереза Мэй 24-июль күнү парламент мүчөлөрүнүн суроолоруна акыркы ирет жооп берет....
Кыргызстандын беш облусунда бүгүн жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат.
Чүй, Нарын, Талас, Ош жана Баткен облустарындагы 13 айылдык кеңеште жалпысынан 45 шайлоо участогу ачылды.
233 орунга депутат шайланат.
Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, бардык участоктор зарыл жабдык, техника, маалыматтык материал менен жабдылган.
Тизмеге кирген шайлоочулардын саны 54 782 адам.
Жогорку кенештин депутаты Бакыт Төрөбаевдин “ырчылар шайлоодогу үгүт иштерине катышпашы керек”- деген демилгесине Eldik.Media сайты айрым ырчылардын пикирин угуп көрдү. Анда эстрада ырчысы Султан Садыралиев “мага айырмасы жок, чакырса ырдайбыз, чакырбаса анда барбай деле кое алам”-дейт, бирок буга чейинки болуп келген шайлоолордун биринде Бакыт Төрөбаевдин “Өнүгүү” партиясынын үгүт иштерине...