Футбол боюнча француз адиси жана мурдагы машыктыруучу Арсен Венгер бир нече жылдан бери жактап келген офсайд эрежеси боюнча сунушу 4-апрелде Канада чемпионатынын жаңы сезонунун башталышында сыноодон өтөт. Бул жаңы эрежеге ылайык, оюнчу акыркы коргоочудан толугу менен өтүп кетсе гана офсайд деп табылып, жазаланат.
