WNBA лигасы өзүнүн 30-сезондук мелдешин 8-май, жума күнү баштайт. Бул сезондо 44 оюн өткөрүлүп, Торонто Темпо жана Портленд Файр командалары кошулуп, жалпы 15 команда ат салышат.
Commissioner’s Cup 1-июндан 17-июнга чейин, ал эми Жылдыздар оюну (All-Star Game) 24-июлда Чикагодо өтөт. Андан кийин 25-июлда дагы бир оюн болот.
31-августтан 16-сентябрга чейин Германияда өтүүчү Дүйнөлүк кубоктун урматына “FIBA тыныгуусу” болот. Ал эми лиганын регулярдык сезону 24-сентябрда, бейшемби күнү жыйынтыкталат.
Бул сезондо франциялык оюнчулардын көп санда катышары күтүлүүдө.
