Eldik.media маалымат агенттиги учурдагы кырдаалды эске алып, кыргыз эли ат көтөргүс депресияда, чочулоодо жашап жатканда негативден арылуунун эң мыкты жолу деп, китеп окууну сунуштайт. Анткен менен өзүңдүн ойлонуу деңгээлине, жан дүйнөңө жакын боло туруучу китеп же чыгарма табуу оңой эмес түйшүк. Көзүң көргөндүн баарын эле окуй берүү айранга зыгырмай кошуп ичүү деген эле абал болуп калат эмеспи.

Eldik.media бир топ китептерди анализ кылып карап чыгуу менен, окурмандарга эң мыкты делген алдыңкы 5 китепти сунуштайт.

1.@Чыңгыз Айтматов (Кассандра тамгасы)

Кассандра тамгасы буткүл адамзаттын табигый жүрүм турумун, алардын акыл эсинин өөрчүшүн, жана дүйнө саясатынын чырмалышкан чынжырын терең философиялык жана курч окуялардын арасына катып көрсөткөн.

2.@ Уолтер Айзексон. (Стив Джобс)

Бүткүл компютер дүйнөсүнүн чоң секирик жасап, илим жана технологияда азыркыдай денгээлге жетишине бирден бир себепчи болгон Стив Джобстун бул Уолтер Айзексондун колунда жазылган автобиографиясы, эң бийик денгээлдеги китеп.

3.@ Чыңгыз Айтматов (Кыямат)

Дин, табигат жана адам уруусундагы кем акыл макулуктар. Бул китепте алар тыгыз байланышкан. Табигый инстинкте жашаган жаныбарлар менен, акыл эсине эркиндик берилген адамдардын ортосундагы- бир учурда кыл өтпөс жакындык, жана ошол эле учурда ширетсе бирикпес эки тараптуулук. Китептин түпкү мааниси, анын окурманга бергиси келген ою ар кимге ар кандай жетет. Анын чыныгы философиясы Чыңгыз атанын өзүнө гана белгилүү чыгаар.

4@ Александр Беляев ( Профессор Доуэлдин башы)

Албетте, чыгарма ашынган фантастика менен чагылдырылган. Андай болгону менен романдын окурманга айтайын дегени бир өзүнчө философия. Эгер адамга андай (Романда адамдын башын башка денеге салса болот.) мүмкүнчүлүк берилсе адамзаттын канындагы чексиз жашайм деген илгери үмүтү күчөп, жырткыч сымал жашоо образын алып жүрүүсү турган иш. Аалам тең салмактуулугу адамдын өлүүсү жана төрөлүүсү ал балансты бузууга Кудайдан башка эч кимдин эрки жетпес.

5@ (Өсүмдүктөр дүйнөсүндө)

Жер планетасы жаралгандан баштап, канчалаган биологиялык кубулуштар болуп өтпөдү. Дегеле өсүмдүктөрдүн жаралуу системасы, алардын планетага тийгизген таасири. Китеп тонналаган илимий маалымат берип ошол эле учурда бадан жөнөкөй жазылган.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 76