Ырчы айым Асел Кадырбекова ага карата коркутуулар болуп жатканын инстагарм баракчасы аркылуу жазып чыкты.

Анын айтымында, коркутуп жаткан адам ким экенин жакшы билет, анткени  аудио жазуулар, телефон чалуулар диктофонго сакталган. Эгерде коркутуу улана берсе, ырчы айым тийиштүү чараларды көрөт.

«Эгер апам экөөбүзгө бир нерсе болсо менин жакындарым кимди күнөөлөштү билет. Мени коркутуп жатышат. Бирок бул адамдан мындайды күтүүгө да болот болчу. Менде аудио жазуулар, телефон чалуулар диктофонго сакталган. Эгер дагы да коркутуу болсо, анда аларды ачыкка чыгарам. Эгер бул жакка чыгарганга мүмкүн болбой калса, анда журналисттерге берем. Мен азыр дагы калыбыма келүү абалындамын, бирок ал мени ачуулантып жатат. Дарыгерлер мага ден соолугуң тезирээк калыбына келиш үчүн эч качан нерв болбош керектигин айткан. Бирок ал адам ушуну каалап жатат», — деп билдирүү калтырган Асел Кадырбекова.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от АСЕЛЬ КАДЫРБЕКОВА (@asel_kadyrbekovaak)

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: