– Туйгун байке, Аскар Акаевдин келип кеткенин кандай бааладыңыз?

– Эмне демек элем? Дагы алдап кетти да… Менин оюмча, эки дос деле аны жакшы көрүп турган жок. «Кумтөрдүн сотуна жардам берет деп үмүт кылышты го? Бирок, менимче, Кумтөрдун сотун ута албайбыз, чоңдоого жыгылабыз. Мүйүздүү болобуз деп жатып, кулагыбыздан ажырабасак болду. Себебин айтайын: Аскар Акаев кыргыздын ырыскысын жалпы элдин шоруна айландырды. Биринчи түзүлгөн келишимдер 1992-жылы жана экинчиси 2003-жылы болгон. Азыр эми уялбай өкмөткө шылтал жатпайбы. Эки келишимдин тең башында өзү турган. Николай Танаевди аялы экөөлөп кыйнап, кол койдурганын айткан кишилерден уккам. Аскар Акаевди сөзсүз жоопко тартыш керек эле, эми ал кайтып келбейт Кыргызстанга. Ал эми 2009-жылдагы Курманбек Бакиевдин келишими менен биз Кумтөрдөн толугу менен кол жууганбыз. Бирок, негизи кеп башкада…

– Эмнеси болсо да Акаев келип кетти. Досуңуз Атамбаев абакта күн кечирүүдө…

– Аскар Акаев чардап жүрөт, ал эми Турдакун Усубалиевден кийинки эле элге эң жакшы иштеп берген Алмазбек Атамбаев эч күнөөсүз түрмөдө отурат. Кыскача эле айтайын, Атамбаевдин убагында Датка-Кемин» электр линиясы бүттү, ТЭЦ жаңыланды, түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун курулуш иштеринин аякташына аз калды. Дагы бир негизги маселе, ал улуттук баалуулукту эске алып, Көчмөндөр оюндары уюштурулуп, 1916-жылы Үркүндө каза болгон ата-бабаларыбызга аш берди. Кыргыз элинин, улуу маркумдардын арбагынын алдында чоң карыздан куткарды.

– Бул иш-чаранын кеңири коомчулукта резонанс жаратканын эске салып жатасыз го?

– Ооба. Эл аралык дипломатия чоң мааниге ээ да. Россия империясынын атынан президент Владимир Путин келип, 1916-жылдын курмандыктарына арналган эстеликке гүл койду. Ошого катар Атамбаев эбегейсиз көп тышкы карыздарды кечтирип, канчалаган гранттарды алып келгенин айтпай эле коёюн. Экономика да алдыга өсүп жаткан…

– Айрым саясатчылардын камакта жатканына кандай пикирдесиз?

– Кыргыздын бир жакшы макалы бар: «Айран ичкен кутулду, табак жалаган тутулду» деген. Кумтөрдү шылтоолоп Темир Сариевди, Өмүрбек Бабановду жана башка бир топ адамдарды камап коюшту. Жантөрө Сатыбалдиев, Айбек Калиев ж.б. түрмөдө отурушат. Жеңиш Молдокматов эмнеге камалганын эч ким билбейт. Биз аз элбиз, тың жаштарды колдошубуз керек.

– Мындан аркы пландарыңыз боюнча кыскача токтоло кетсеңиз?

– Азыркы убакта көптөгөн адам бар, КСДП курамындагы партиялаштарым менен кеңешип жатам. 17-сентябрда Алмазбек Шаршенович 65 жашка толот. Ошондон баштап тынчтык митингине чыгабыз. Урааныбыз: «Алмазбек Атамбаевге жана башка саясий туткундарга боштондук!», «Өз ара тытышканды токтотуп, алдыга жылалы!», «Баарыбызга бар заман!».

Булак: Азия News гезити

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: