Максатбек Маматкулов “Улуттар биримдиги” партиясынан депутат болгон. Ал элге кызмат кылган патриот депутат болууну максат кылгандыгын айтып, алдыдагы кадамдары тууралуу маек курду.

Эмне үчүн “Улуттар биримдиги” партиясын тандадыңыз?

Бул партия – күчтүү кадрлардан түзүлгөн партия. Жөн эле мандат алып, депутат болуш үчүн эмес, шаардыктардын жана элдин кызыкчылыгын коргоп, ак кызмат кылууну көздөгөндөр топтолгон. Лидерибиз Мелисбек Мырзакматовдун шаарга кошкон салымы чоң. Ал убагында мэр кандай болуш керек жана кандай иштеш керек экенин көрсөткөн. Муну Ош шаарынын тургундары да билет болушу керек.

– “Улуттар биримдиги” партиясы башка патиялардан эмнеси менен айырмаланат?

Партия мүчөлөрү баарыбыз элдин келечеги жана кызыкчылыгы үчүн иштейбиз деген максаттарыбыз бар. Шаардын өнүгүшү үчүн алдыга конкреттүү пландарды койгонбуз. Мына ошол үчүн да эл “Улуттар биримдигин” шайласа керек. Партия админресурс же башка ыкмаларды колдонбой, ак кызмат кылгандыгы менен добуш алган. Мына ушунусу менен айырмаланат деп ойлойм.


Депутат катары шаарда эмнени өзгөртөм деген пландарыңыз бар?

Ош шаарында авто тыгын аябай көп. Жолдордун абалы талапка жооп бербейт. Алтургай машина токтой турган жайлар да жокко эсе. Мунун баары шаардыктар үчүн көйгөй. Альтернативдүү жолдорду, тротуаларды салып, унаалар токтой турган ыңгайлуу жайларды көбөйтүп, жолдордун четине жол чырактарын орнотуу зарыл.
Жаштар борборлорун ачып, акысыз IT, программалоо боюнча, долбоор жазуу боюнча, компьютердик жана тил курстарын ачып, жаштарды акысыз окутуу керек. Учурда Ош шаарында бир дагы мамлекеттик деңгээлдеги спорттук мекеме жок экен. Баары жеке менчикке өтүп кетиптир. Ошодуктан спортко да көңүл буруп, мамлекеттик деңгээлдеги спорт мектебин ачуу зарыл.

Ош шаарында сизге эмне жакпайт?
Суу маселеси аябай кыжырды кайнатат. Ошто суу өчүп калган учурда шаардыктар үчүн көп түйшүк жаралат. Ошондуктан мурдагы эски кадрлардын ордуна жаш адистерди алып келип жаңылоо зарыл. Бюджетти көтөрүү керек. Бюджет көтөрүлбөсө мамлекетттин өнүгүүсү кыйын. Лидерибиз Мелисбек Мырзакматов бюджетти болуп көрбөгөндөй көтөрүп кеткен. Ош шаары көркүнө чыгып, иретке келтирилген. Шаардагы ар бир обьектке көңүл бурулуп, тарыхый эстеликтер курулган. Мунун баарын мындан ары да өнүктүрүү керек.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: