• Урматтуу Бейшенбек агай  алды менен сизди жергиликтүү өз алдынча башкаруу күнү майрамыңыз менен куттуктап кетейин. Анткени сиз убагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттикти жетектеп турдуңуз, ушул тууралуу кыска маек курсак.
  • Рахмат, чынында Жергиликтүү өз алдынча башкарууда иштедим. 90-жылдары элибиз эгемендүүлүктү алган жылдары алгачкы чыйырын салып түптөлгөн. Тагыраак айтканда, 1994-жыл болсо керек, ал мезгилде мен Нарын облусунда губернатор кызматында элем. Колхоз, совхоздор, приватизация менчиктештирүү мезгили эле. Чарбалар жоюлуп айыл жериндеги маселелер, мурун чарбанын жетекчилери (башкарма, директорлор) кеткенден кийин ал кездеги элдин көйгөйүн кандай кылып чечүү маселеси турган. Ошондуктан биз Кытай эл Республикасына жогорудагы маселелерди чечүү боюнча иш тажрыйбасын көрөлү деп бардык. Ошол убакта Тянь-Шань районунун акими Өмүралиев Т.Э. да бар эле, ал киши өзү айыл-чарба боюнча адис болгон менен юридикалык илимдеринин кандидаты эле. Ал киши абдан бул маселеге кызыгып, алардын тажрыйбасын алуу боюнча көп иштерди жасай баштады. Ал кездеги президент Аскар Акаев дагы бул боюнча кабардар болуп турду. Э. Өмүралиевди президенттик аппараттын бөлүм башчылыгына коюп, бул адам республика боюнча иш алып бара баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерине алгачкы чыйыр салып аны жетектеп калды. Кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги болуп президенттин алдында уюшулганда, тагыраагы 2005-жылы мен жетектеп калдым. Чынын айтканда ал мезгилде айыл өкмөттөр үчүн материалдык-техникалык базасы абдан начар эле, айлык аз, транспорту жок. Ошондуктан бул маселелерди чечүү үчүн ошол кездеги президент К.Бакиевке бул маселелерди чечүү үчүн бир нече сунуштар берилген. Анын жыйынтыгында 472 айыл өкмөт транспорт менен камсыз болуу, айлык акылар 10 миң сомго көтөрүлдү. Аттестациялоо болуп чиндерди алышты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы кызматкерлер ага карата айлык акыларына кошумча төлөмдөр киргизилди. Калыстык үчүн айта кетейин, президент Бакиев Курманбек Салиевич баардык сунуштарды колдоп берди.
  • Кыскача маегиңизге ыраазычылык.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: