Бишкек шаарынын Октябрь райондук округунан депутаттыкка талапкер Бакыт Керимбеков Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо мыйзам бузуу менен өттү деп эсептейт. Анын айтымында 2021-жылы 28-ноябрда өткөн шайлоо бул жараксыз. Себеби 1999-жылдагы “Шайлоо боюнча” кодексте мамлекет шайлоочу жана кандидаттарга гарант болуп шарт түзгөн болсо, жаңы мыйзамда мындай шарт түзүлгөн эмес деп нааразы.

Бүгүнкү мамлекет өзү шайлоого катышпастан, талапкерлерди эмне кылсаңар ошону кылгыла деп коё берип койду. Үй квартал башчыларын коркутуп эч бир ишке катыштырышкан жок. Мамлекет буга өзү активдүү катышышы керек эле. Ал эми шайлоочулар шайлоо жарышына түшкөн талапкерлердин программасын укпаса, өздөрүн көрбөсө кантип тандайт. Үй кварталдары уюштуруудан коркушат. Шайлоодо тандоо болбой калды. Аз адам добуш берди. Бул байлардын келишине шарт түздү. Буга мамлекет күнөөлүү”, – дейт Бакыт Керимбеков.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 947