5-декабрда Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Иван Васильевич Панфиловдун жаңыланган эстелигинин ачылышы болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Расмий иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, КР Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, КР Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри катышты.
Катышуучулары эстеликке гүл чамбарларды коюшуп, Панфилов дивизиясынын жоокерлерин бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.
Иван Панфиловдун эстелигинин жаңы нускасы Орусиянын Екатеринбург шаарында колодон куюлган. Эстеликтин бийиктиги тогуз метр.
1942-жылы тургузулган эски эстелик Балыкчы шаарындагы Панфилов жетектеген дивизия жайгашкан жерге орнотулду.
Айкел Панфилов жетектеген дивизиянын эрдигинин 80 жылдыгына карата жаңыланганы белгилүү болду.
1941-жылы 5-декабрда Экинчи дүйнөлүк согушта немистердин баскынчылыгына каршы Кызыл Армия негизги контрчабуулга өткөн. Анда панфиловчулар эрдик көрсөтүшкөн.












