16 жаштагы кыздын зордукталганын билген 50дөн ашык адам Сокулук ИИБне келишкен. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, 5-декабрда милицияга белгисиз адам 16 жаштагы өспүрүмдү сабап, зордуктаганы тууралуу билдирүү түшкөн.

«Кыздын атасы 5-декабрь күнү таң эрте 2004-жылы туулган кызын жолдон Бишкекке алып барам деген шылтоо менен күч колдонуп зордуктаган адамга карата чара көрүүнү суранган” деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Зордуктоо» беренеси боюнча катталган. Шектүүнүн өздүгү такталып, кармалган. Ал 1990-жылы туулган К.Н. аттуу жаран экени белгилүү болгон.

Ошол эле күнү Сокулук РИИБине 50гө жакын жергиликтүү тургун келип нааразычылыктарын билдирип, талаптарын коюшкан.

Чогулгандардын алдына райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы чыгып, толук жана объективдүү иликтөө жүргүзүүгө убада берди. Сүйлөшүүдөн кийин чогулгандар тарап кетишти. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 226