The Economist 2-декабрда жарыялаган макалада Кыргызстандагы бул жолку шайлоо тазараак өткөнү менен “бандиттердин карааны дагы деле кала берүүдө” деп жазды.

“…Салыштырмалуу таза болгону менен “Жапаров режимин кара булуттай каптаган бандиттердин, ыплас иштердин атмосферасын бул шайлоо жоё алган жок”, – деп эсептейт журналист.

Андан ары коопсуздук комитетинин таасирдүү жетекчиси, Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси парламент мандатын утканы, кошуна округда “мафиянын мыйзамдагы ана башы, чек арадагы аткезчиликтен пайда тапкандыгы үчүн айыпталган Раимбек Матраимовдун агасы оңой эле жеңгени” айтылат.

Бир нече күндөн кийин оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаевди Бишкектин көчөсүндө сабап кетишкенин жазган журналист, мындай коркутуп-үркүтүү, Жапаровдун кээ бир жерлердеги популярдуулугу элдин толкундоосун кармап турушу мүмкүн деп улантат.
(Азаттык)

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 366