Бүгүн, 7-декабрда Бишкектеги «Достук» мейманканасында шайлоодогу одоно мыйзам бузуулар менен өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулаган жыйын өттү. Ага 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү катышты.

«Улуттар Биримдиги», «Улуу Журт», «Кыргызстандын жашылдар» партиясынын өкүлдөрү катышкан жыйында шайлоонун алдына ала жыйынтыгы, Боршайкомдун жоопкерчилиги, саясий куугунтукту токтотуу тууралуу маселелер талкууланды.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система боюнча өттү. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.

Добуш берүү күнү Боршайкомдун сайтындагы маалымат системасы үзгүлтүккө учурап, жаңылангандан кийин айрым партиялардын добушу азайып калган. Алар БШК алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн жана добуштар бурмаланганын айтып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Боршайком бурмалоо болбогонун, техникалык гана ката кеткенин жана анын жалпы жыйынтыкка таасири жок экенин билдирген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 420