Пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, Бишкек шаарынын мэриясынын ККБ башчысынын орун басары “У.У.К.” тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп иштеп турган кезде 45 миң АКШ доллары акча каражатын опузалап алуу фактысы аныкталды.

6-декабрда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, “У.У.К.” КР Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 129