“Эгерде шайлоо маселесине Садыр Жапаров чекит коюп бүтүрүп бере турган болсо, анда бизге накта ишеничтүү, келечекти кура турган президент келди деп айта алабыз. Ал эгер бул маселеге чекит койбосо келечектүү турмуш болбой бара жатат”. Мындай пикирин бүгүн, 7-декабрда «Жашасын Кыргызстан» партиясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева “Шайлоодогу одоно мыйзам бузуулар жана мамлекеттеги саясий кырдаал” аталышындагы жыйында билдирип өттү.

Анын айтымында, 28-ноябрда өткөн шайлоо бурмаланган.

“Аппараттар келгенден баштап Кыргызстанда ачык айкын шайлоо болгон жок. Бүт өткөн шайлоонун баары бурмаланган. Эгерде бул маселеге Садыр Жапаров чекит коюп бутүрүп бере турган болсо, анда бизге накта ишеничтүү, келечекти кура турган президент келди деп айта алабыз. Ал эгер бул шайлоо маселесине чекит койбосо келечектүү турмуш болбой бара жатат. Эттин мөөнөтү өтүп калса ал бузулган деп берилбейт, санитардык норма боюнча камакка алынат. Ал эми беш жылдан бери бизди уулады. 2016-жылы колдонуу мөөнөтү чыгып калган аппараттарды колдонуп атабыз. БШК боюнча жана шайлоо боюнча мыйзамда ушундай эсөөптөө аппараттар, сервер жөнүндө түшүнүк жок экен. Анан түшүнүк жок болсо биз кайсы аппарат менен жыйынтыктап атабыз”, -дейт Токтайым Үмөталиева.

Мындан тышкары «Улуттар Биримдиги», «Улуу Журт», «Кыргызстандын жашылдар» партиясынын өкүлдөрү катышкан жыйында шайлоонун алдына ала жыйынтыгы, Боршайкомдун жоопкерчилиги, саясий куугунтукту токтотуу тууралуу маселелер талкууланды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 454