Рома клубунда Лоренцо Пеллегрини менен келишимди узартуу сүйлөшүүлөрү токтоп турат. Анткени клуб футболчудан эмгек акысын 50% кыскартууну талап кылууда. Пеллегрининин учурдагы жылына алган эмгек акысы 6,48 миллион еврону түзөт.
Эгерде тараптар макулдаша албаса, Пеллегрини сезон аяктагандан кийин эркин агент катары кетиши мүмкүн. Мындай жагдайда Миландын “Интер” клубу аны өз катарына кошуп алууга даяр. “Интер” оюнчуну акысыз трансфер аркылуу алууну көздөп жатат.
Маалыматтарга караганда, Романын башкы машыктыруучусу Жан Пьеро Гасперини клубда калышы үчүн Пеллегринини сактап калууну шарт койгон. Бирок, клубдун жетекчилиги менен (Фридкин Групптун улук кеңешчиси Клаудио Раньери) Гасперининин ортосундагы мамилелер чыңалган. Бул абал Гасперининин клубдагы ордун да татаалдаштырат.
29 жаштагы Пеллегрини Романын академиясынын түлөгү жана өз карьерасын ушул клубда өткөргөн. Бир гана эки жыл Сассуолодо ойногон. Ушул сезондун башында Гасперини аны команданын капитаны кызматынан алган. Бирок, Пеллегрини бандажды жоготконуна карабастан, ушул сезондо 33 беттешке чыгып, 7 гол жана 4 пас берген.
Акыркы мезгилде Пеллегрини жаракаттардан жабыркап жатканы да клубдун жаңы келишим берүүдөгү тынчсызданууларына себеп болушу мүмкүн.
